Коом

Бишкекте автобустардын келүү убактысын көрсөткөн электрондук табло орнотулду

Бишкекте коомдук транспорттун кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген электрондук табло орнотулду. Социалдык тармактарда жарыяланган видеонун авторунун маалыматына караганда, ал Токомбаев көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги аялдамага коюлган.

Экрандан автобустардын каттам номерлерин, багыттарын жана аялдамага чейин калган аралыкты километр менен көрүүгө болот.

Долбоорду Aigul командасы иштеп чыккан. Система коомдук транспорттун аялдамаларына электрондук таблолорду орнотууну карайт. Алар автобустардын болжолдуу келүү убактысын көрсөтөт.

Иштеп чыгуучулардын айтымында, жаңычылдык жүргүнчүлөргө сапарын алдын ала пландаштырууга, күтүп туруу убактысын кыскартууга жана өзүнө ылайыктуу каттамды тандоого жардам берет.

Мындай таблолор Бишкектин дагы кайсы аялдамаларына жана качан орнотулары азырынча белгисиз.

Тектеш кабарлар

Back to top button