Коом

Аскердик пенсионерлердин төлөмдөрү көбөйтүлүп, кошумча жеңилдиктер каралууда

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2026-жылдын 1-декабрынан тарта аскер кызматкерлерин жана бул тармактын ардагерлерин акчалай камсыздоо жана пенсиялар жогорулатылат.

Ага ылайык, пенсиялык төлөмдөр ар бир пенсионердин кызмат өтөгөн жылына жараша 5 500 сомдон 13 000 сомго чейин көбөйөт. Муну менен катар кошумча социалдык колдоо чаралары каралып, Ош шаарында аскердик пенсионерлерге муниципалдык транспортто акысыз жүрүү укугу 2026-жылдын 1-октябрынан тартып берилсе, Бишкек шаарында бул жеңилдикти 2027-жылдын 1-январынан тарта киргизүү маселеси каралууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button