Коом

Баткенде коррупцияга каршы аракеттенүү маселеси талкууланды

Баткен облусунда мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдө коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу боюнча окутуу семинары өткөрүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара жарандардын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын жогорулатуу, коррупцияга каршы жүрүм-турумду калыптандыруу максатында уюштурулду.

Семинар коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына, ошондой эле коррупцияга каршы маалыматтык саясаттын мамлекеттик программасына ылайык өткөрүлдү.

Семинардын алкагында катышуучулар коррупциянын алдын алуунун заманбап ыкмалары, мамлекеттик кызматтагы коррупцияга каршы стандарттар, ошондой эле КР мыйзамдары, анын ичинде «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын негизги жоболору менен таанышышты.

Мындан тышкары, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө ачык-айкындуулукту камсыздоо, кызматтык этиканы сактоо жана жарандар менен иштөөдө мыйзам талаптарын так аткаруу маселелери талкууланды.

Иш-чарага Баткен облусунун бардык райондорундагы жана шаарларындагы мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышты.

Тектеш кабарлар

Back to top button