Медиа

«Эркин-Тоого» 35 жыл: Мамлекеттик расмий гезиттин мааракеси белгиленди

Бүгүн, Улуттук тарых музейинде «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.


​Аземге маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ЖМК өкүлдөрү, студенттер жана гезиттин жамааты катышты.
​Иш-чара басылма тууралуу видеотасма менен башталып, министрдин куттуктоосу менен уланды. Мирбек Мамбеталиев «Эркин-Тоо» 35 жылдан бери өлкөнүн тарыхый чечимдерин чагылдырып, мыйзамдарды расмий жарыялоо аркылуу бийлик менен коомдун ортосунда маанилүү көпүрө болуп келе жатканын баса белгиледи. Ошондой эле ал жалпы медиа коомчулугун 7-ноябрь — Кесиптик майрамы менен куттуктады.
​Маалымдама: Өлкөнүн эгемендүүлүгү менен бирге жаралган «Эркин-Тоо» гезити 1991-жылдын 3-июлунан тарта жарык көрүп, расмий документтерди, токтомдорду жана ченемдик-укуктук актыларды жарыялап келет.

Back to top button