Президент менен жолугушууда апасы менен жашагысы келбеген кыздын маселеси көтөрүлдү

Ак-Башат айыл өкмөтүнүн Новониколаевка тургуну президент менен жолугушууда небересине байланыштуу иште жардам сурады.
Анын айтымында, уулу менен келини ажырашып кетишкен.
«Келиним кетип калды. Апасы, атасы алып кетишти. Бир баланы алып кетти, сегиз жаштагы. Экинчи неберем 12 жашта. Бул барбай койду. «Мен атам менен жашайм» дейт. Апасы сотко берди. Эки жарым жыл болду, соттошуп атабыз. Апасы үйгө келгенде ызы-чуу чыгарат, неберемдин психологиясы бузулуп жатат. Кыздын сөзүн укпай жатат. Тигилер шаарда жашайт. Биздин күчүбүз жетпей жатат», — деди чоң ата.
Жогорку соттун төрагасынын орун басары бала 10 жашка чыккандай ким менен жашаарын өзү чече алаарын билдирди.
«Бала онго жеткенден кийин баласынан сурайт», — деди ал.
«Бул кыз өзү билет экен да анда», — деген президент адилеттүү чечим чыгарууну тапшырды.



