Коом

Жол кырсыгында жүргүнчү болгон эгиздер камалды: Президент ИИМге ишти териштирүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Москва районунун тургуну Жаныбек Молдалиевдин жол кырсыгы боюнча арызын угуп, Ички иштер министрлигине ишти кайра текшерүүнү тапшырды.

Тургундун айтымында, 2025-жылдын ноябрь айындагы кырсыктан кийин унааны башкарган жээни менен бирге жүргүнчү болуп бараткан анын эгиз уулдары тең камакка алынган.
​Мамлекет башчысы жүргүнчүлөрдүн камалышын туура эмес деп атап, эгиздерди бошотууну жана тергөөнү калыс жүргүзүүнү талап кылды. Президент бул ишти жеке көзөмөлүнө аларын белгилеп, ИИМге тургунду кабыл алып, маселесин чечүүнү тапшырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button