Майлуу-Суу лампа заводунун базасында индустриалдык парк түзүлүүдө

Майлуу-Суу электр лампа заводунун базасында жаңы индустриалдык парк негизделип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Бексултан Токонов 10-ноябрда «Биринчи радионун» эфиринде маалымдады.
Анын айтымында, буга чейин аталган завод стратегиялык объекттердин тизмесине киргендиктен, потенциалдуу инвесторлордун кызыгуусун чектеп келген. Кийинчерээк Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечими менен ишкана бул тизмеден чыгарылган.
«Бүгүнкү күндө биз ал жерде индустриалдык парк түздүк. Бул инвесторлорго жол ачтык дегенди билдирет. Азыр Кытайдан, Европадан, Германиядан жана Австриядан потенциалдуу инвесторлор келип жатышат. Кеп өндүрүштү уюштуруу тууралуу болуп жатат», — деди Токонов.
Ошондой эле агенттиктин жетекчиси мамлекет дагы ишкананы өнүктүрүүгө салым кошуп, өз үлүшүн көбөйткөнүн кошумчалады.
Маалымат үчүн:
Майлуу-Суу электр лампа заводунун курулушу 1964-жылдын декабрында башталган. Ишкананын башкы корпусу 1966-жылы пайдаланууга берилип, ал эми долбоордук кубаттуулугуна — жылына 302 млн электр лампасын чыгарууга — завод 1970-жылы жеткен.



