Коом

Энергетик суусундуктарын өлкөгө алып келүүгө бөгөт коюлат

Кыргызстанда алкоголсуз энергетикалык суусундуктарды импорттоого жарым жылдык тыюу киргизүү пландалууда. Министрлер кабинетинин токтомунун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Тыюу салууга курамында кофеиндин өлчөмү литрине 150 миллиграммдан ашкан, кургак заттардын салмак үлүшү 10 пайыздан ашык болгон жана энергетикалык алмашуу стимуляторлорун, анын ичинде таурин, L-карнитин жана глюкуронолактонду камтыган суусундуктарды киргизүү сунушталууда.

Долбоордо өзгөчө учурлар каралган. Тыюу Кыргызстан аймагы аркылуу транзит менен өтүп жаткан энергетикалык суусундуктарга жана чектөөлөр күчүнө киргенге чейин жөнөтүлгөн же төлөнгөн товар партияларына жайылтылбайт. Соңку учурда продукцияны тиешелүү документтер болгон шартта бир айдын ичинде өлкөгө алып келүү зарыл болот.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин ырастоосу болгон, энергетикалык суусундуктарга кирбеген алкоголсуз суусундуктар үчүн да өзгөчө шарт каралган.

Бажы жана Чек ара кызматына мындай продукцияны мыйзамсыз алып келүүгө бөгөт коюу тапшырылары күтүлүүдө.

Мамлекеттик салык кызматына «энергетикалык суусундук» деп белгиленген суусундуктарга акциздик маркаларды берүүгө жана аларды ЕАЭБ мамлекеттеринен алып кирүүгө жол бербөө чараларын көрүү милдеттендирилет.

Экономика жана коммерция министрлигине чектөөлөр киргизилгени тууралуу Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразиялык экономикалык комиссияга, ал эми Тышкы иштер министрлигине — КМШнын Аткаруу комитетине кабарлоо тапшырылат.

Белгилей кетсек, документ республиканын ичинде аларды сатууга эмес, дал ушул белгилүү бир энергетикалык суусундуктарды алып кирүүгө тыюу салууну карайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button