Саясат
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов абактан бошотулду

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкулов абактан бошотулганын билдирди.
Буга чейин, 13-октябрда Биринчи Май райондук соту мурдагы депутатка карата өкүм чыгарган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгүндө («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатынсыз мыйзамсыз даярдоо») каралган кылмышты жасаган деп күнөөлүү деп табылган.
Сот анын камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын жокко чыгарып, мамлекетке 100 миң сом айып пул төлөтүү түрүндө жаза дайындады.



