Саясат
Союзбек Надырбеков маданият министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Союзбек Надырбеков башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Надырбеков бул кызматка 2025-жылдын мартында дайындалган.



