Окуялар

Тогуз унаа алып берем деп акча алган. Шектүү Бишкектен кармалды

Таанышын өзгөчө ири өлчөмдөгү акчага алдап кеткен деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-ноябрь күнү милицияга кайрылган жаран Б.А.Э. аттуу киши алдамчылык жолу менен чоң суммадагы акчасын алып кеткенин айтып, чара көрүүнү суранган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

«2022-жылы арыз ээси Москва шаарында жүргөн Б.А.Э. аттуу жаран менен оозеки макулдашып, тогуз даана унаа алдырмай болот. Бирок ал акчасын салганы менен товарын ала алган эмес», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 37 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Келтирилген зыяндын толук өлчөмү аныкталып жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button