Чүй облустук соту милдеттүү сотко чейинки медиацияга даярдык көрүүдө

Чүй облустук соту жана облустун жергиликтүү соттору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 «Милдеттүү түрдө сотко чейинки медиативдик маалыматтык жолугушууну өткөрүү жана мамлекеттик органдар менен Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтомунун жоболорун практикада ишке ашыруу багытында системалуу иш алып барууда.
Кыргыз Республикасынын «Медиация жөнүндө» Мыйзамын жүзөгө ашырууга багытталган бул документ талаш-тартыштарды соттон тышкары жөнгө салуу институтун өнүктүрүүнү, судьяларга болгон жүктөмдү азайтууну жана жарашуу жол-жоболору аркылуу жарандардын укуктарын натыйжалуу коргоону көздөйт. Учурда Чүй облусунун сот тутумунда жаңы тартипти 2027-жылдын 1-январынан тартып толук кандуу киргизүүгө карата уюштуруучулук жана маалыматтык даярдыктар көрүлүүдө.
Бекитилген тартипке ылайык, жарандар сотко кайрылганга чейин же кылмыш-жаза процессинин сотко чейинки баскычында кесипкөй медиаторлор менен маалыматтык жолугушуудан өтүшү керек. Жолугушуу маалыматтык гана мүнөзгө ээ: мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда ага катышуу милдеттүү болгону менен, андан ары медиация жол-жобосуна өтүү же макулдашуу түзүү жөнүндө чечимди тараптар ыктыярдуу түрдө кабыл алышат.
Жергиликтүү сотторго доо арыз менен кайрылардан мурда милдеттүү маалыматтык жолугушуу төмөнкү категориядагы иштер боюнча өткөрүлөт:
o Никени бузуу, биргелешкен мүлктү бөлүштүрүү, балдардын жашаган жерин жана алар менен баарлашуу тартибин аныктоо, алимент өндүрүү (жашы жете электердин кызыкчылыктарын эске алуу менен).
o Мурасты бөлүштүрүү, мурасты кабыл алуу мөөнөтүн калыбына келтирүү.
o Келишимдерди аткаруу, карыздарды өндүрүү, мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруу, буюм укуктарын коргоо.
o Жумушка калыбына келтирүү, эмгек акыны жана башка төлөмдөрдү өндүрүү.
o Юридикалык жактардын катышуучулары менен башкаруу органдарынын ортосундагы талаштар (үчүнчү жактардын укуктарын бузбаган учурда).
Анча оор эмес жана оордугу азыраак кылмыштардын бекитилген тизмеси боюнча (ден соолукка жеңил зыян келтирүү, жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу, уурдоо, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу, автотранспорт каражатын айдап качуу, мүлктү жок кылуу, кыймыл коопсуздугунун эрежелерин бузуу) шектүү жана жабырлануучу аныкталган учурда, иш сотко жеткирилгенге чейин тараптар медиативдик маалыматтык жолугушууга жөнөтүлөт.
Токтомдун талаптарын аткаруу алкагында Чүй облустук соту Медиаторлор палатасынын аймактык өкүлдөрү жана укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташууда. Медиаторго кайрылгандыгы жөнүндө маалымкаттарды (анын ичинде электрондук форматта) кабыл алуу, маалыматтык системалар аркылуу маалымат алмашуу жана жарандарга сотко чейинки тартипти түшүндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет, ал эми милдеттүү жолугушуу өткөрүлүүчү талаш-тартыштардын категорияларын бекиткен 1-пункт 2027-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилет.
Чүй облустук соту бул жаңычылдык облус тургундарына талаш-тартыштарды узакка созулган соттук териштирүүлөргө жеткирбей, ыкчам жана өз ара макулдашуу жолу менен чечүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилейт.



