Окуялар

“ХондаФит” унаасын уурдай качкан жигит кармалды (фото)

Кечээ Бишкекте «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унааны уурдап кеткен адам кармалды. Бул тууралуу, Октярбрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Бишкектеги Көк-Жар конушунан белгисиз адам баасы 4 миң долларлык жеңил унааны уурдап кеткени тууралуу милицияга арыз түшкөн. Унаа ээси милицияга арыз менен кайрылган соң, ыкчам аракеттердин жыйынтыгында 1988-жылы туулган Ч.Б. аттуу жаран шектүү катары кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган адам мындан башка дагы 12 кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн экени аныкталган.

Учурда унаа уурдаганга шектүү  катары кармалган адамдын үстунөн кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.

Бул кишиден жабыркагандар болсо милиция бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button