Спорт

Валентина Шевченко: «Чоң рахмат, урматтуу Сооронбай Жээнбеков!» (Видео)

UFC уюмундагы чемпиондук наамын коргогон Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктаган президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдиргенин Instagram баракчасына жарыялады.

Валентина Шевченконун айтымында, куттук айткан өлкө башчы Ысык-Көлгө эс алууга чакырган.

«Кыргызстандын президенти Сооронбай Шарипович телефон аркылуу байланышып, жеңишим менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Машыктыруучум Павел (Федотов) менен эжем Антонинага салам айтып кой деди. Абдан жагымдуу болду. Бул чоң  дем болду. Сооронбай Шарипович бизди жайында Ысык-Көлгө эс алып кетүүгө чакырды. Биз сөзсүз барабыз. Чоң рахмат, урматтуу президент», — деген Шевченко.

Эскерте кетсек, 9-февралга караган түнү Хьюстон шаарында өткөн UFC 247 турниринин алкагында Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды үчүнчү раундда техникалык нокаут менен утуп алган. Муну менен мушкер наамын үчүнчү ирет коргой алды.

https://www.instagram.com/p/B8W1bToJfcO/

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button