Коронавирустан улам Жогорку Кеңешке болгон
экскурсия убактылуу токтотулганын төрага Дастан Жумабеков билдирди.
Анын
айтымында, мындай аракеттер коронавирустун алдын-алуу макстында жасалууда.
Буга
чейин Жогорку Кеңештин имаратына шаршемби жана бейшемби күнү окуучулар,
студенттер жана жергиликтүү кеңештин депутаттары ошондой эле чет элдик коноктор
үчүн экскурсия жасалчу. Коронавирустун алдын-алуу жана анын жайылышына жол
бербөө боюнча республикалык штаб массалык иш-чараларды өткөрбөй турууну
сунуштаган.
Abal.kg