Бүгүн Москвадан Бишкекке келген 400 кишинин абалы кандай? Министрликтин жообу

Бүгүн Москвадан алып келинген кыргызстандыктар обсервацияга жаткырылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

29-мартта, Москвадан чартердик рейс менен Кыргызстандын 398 жараны Бишкекке алынып келинди.

“Келгендердин баарын аэропорттон үч күндүк карантинге жаткыруу үчүн алып кетишти. Бул аралыкта алгачкы анализдери таза чыкса 14 күндүк үй карантинине жиберилет”, — дешти министрликтен.

Эскерте кетсек, үй карантининде отурган адам өзү жалгыз бир бөлмөдө болуп, жада калса үй-бүлө мүчөлөрү менен дагы байланышпашы керек.

Abal.kg