Окуялар

Британиянын пляжын кумдай жайнаган триллиондогон коңуздар каптады (видео)

Британиянын Скарборо шаарынын тургуну Сью Уизерилл апрелдин ортосунда Кейтон-Бэй пляжында (сууга түшчү жай) сейилдеп жүрүп, адамдын үрөйүн учураган ачылыш жасады.

Аял пляж бүтүндөй бойдон капкара чекиттерге толгонун көрдү. Адегенде ал муну күнкараманын уругу (семена) деп ойлойт. Бирок жакын келип караганда, миңдеген (триллиондогон деген туурараак) өлгөн жана тирүү коңуздарды көргөн. Бул тууралуу Metro жазып чыккан, деп билдирди Новости Mail.ru.

Уизерилл коңуздардын фотосу менен видеосун тартып алып, өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган. Албетте пляждагы бул сансыз коңуздарды жеке эле ал көргөн эмес. Андан соң соцжеледе коңуздарды көргөн башка адамдардын да тартып алган фотолору чыга баштады. А интернетти пайдалануучулар бул эмне болгон коңуздар деп,  баштарын катырып жооп издеп киришти.Бир аз өткөндөн кийин эле Бернистон менен Скарборо шаарларынын деңиз жээгинин  күзөт Командасы фейсбуктагы өз баракчасында расмий билдирүү жасады.

Алар, пляждагы бул коңуздар — тампыс коңузу (майские жуки) экенин, алар континенталдуу Европада жашаарын, баарын да кызыгы, деңизге чыкпай турган жерлерди мекендээрин айтып чыгышты.  Анда алар кантип Британиянын деңиз жээгине келип калышты – азырынча табышмак.

https://youtu.be/NY4pHmsPCwg

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button