Окуялар

Апасы балдарынын сүрөтүн көрүп, коркконунан чачы агарып кете жаздады (фото)

Бир аял жергиликтүү паркта балдары менен сейидеп жүрүп, чүрпөлөрүн эки-үч ирээт сүрөткө тартып алат. Үйүнө келип, сүрөттөр кандай болду экен деп, кунт коюп карап олтуруп, капысынан корконунан үрөйү учуп, аз жерден чачы агарып кете жаздайт. Бул туурасында 21-апрелде Sm-news.ru кабарлаган.

Описание: https://cdn.sm-news.ru/wp-content/uploads/2020/04/08/yfvyfvyfyvfyv.png

Аял жакшылап фотону караганда, балдарына аябагандай чоң коркунуч туулганын көрүп, жүрөгү түшкөн. Албетте, бир караган кишиге бул фотолор эч кандай коркунучтан кабар бербейт. Тек гана бир деталь болбогондо… Чыны менен эле кунт коюп караганда адамдын үрөйүн учураарлык көрүнүш баамга түшөт.    

.

Балдар жол менен өтүп баратканда алардын так жанында, бар болгону бир нече сантиметр эле алыстыкта жаткан таякты көрүүгө болот. Маселе, анын эч кандай таяк, же башка предмет экендигинде эмес, дүйнөдөгү эң уулуу жылаан экендигинде. Балдардын так алдынан, бир нече эле сантиметр аралыкта жылаан сойлоп кетип баратыптыр. А кокус алар бир аз ылдамыраак кадам таштаганда…  

Кудайга шүгүр, эч кандай кырсык болбой, баары жакшы аяктады.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button