Окуялар

Учакка батпай калышты. Россиядагы мигранттардын жарымы калды

Бүгүн, 22-апрелде, Новосибирск шаарындагы кыргызстандыктар жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө Бишкекти көздөй учушат.

Маалыматка караганда, рейсти 300дөн ашык Кыргызстандын жараны күтүп жаткан. Бирок, тилекке каршы, учакка алардын жарымы батпай калды.

“S7 Airlines авиакомпаниясынын учагы 176 адамга ылайыкталган. Ага биринчи кезекте балдар, аялдар, кош бойлуу келиндер, улгайган адамдар менен ден соолугунан жабыркаган адамдар отургузулат. Элчилик бир нече ирет 300 орундуу учак берүүнү өтүнүп кайрылган, бирок S7 Airlines компаниясы учурда мындай мүмкүнчүлүгү жок экенин кабарлады”, — дешти элчиликтен.

Уча албай калган кыргызстандыктарга консулдук менен диаспора уюмдары тарабынан тамак-аш жана убактылуу жатак жайлары менен камсыздоого колдоо көрсөтүлөрү айтылды.

“Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу техникалык мүмкүнчүлүктөр чектелип жаткандыктан учакка батпай калган жарандарды эмоцияга жана провокацияга алдырбоого чакырабыз”, — деп элчиликтен суранышты.

Ошондой эле Россиянын өкмөтү менен кошумча рейстерди уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканы айтылды.

Кошумча суроолор болсо жарандар төмөнкү номерлер аркылуу элчилик менен байланыша алышат:

  • +7 (499) 237 43 01;
  • +7 (499) 237 44 61;
  • +7 (925) 387 41 27 – уюлдук телефон (WhatsApp);
  • +7 (925) 387 45 97 – уюлдук телефон (WhatsApp).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button