Элмирбекти бир “чувак” деп атаган Марат Абдыкалыков нааразылыгын билдирди(видео)

“КЛООПтун” журналисти Марат Абдыкалыков, Элмирбек Иманалиевди тааныбайм, кайдагы бир чувак каза болсо,элдин баары барышыптыр деп нааразы пикирин Фейсбук баракчасына жазып, коомчулуктун талкуусунда калды.

Мындан бир аз мурун эле Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатын өткөрүп жаткан сүрөттөрү менен аны тааныбайм деп, ал жерге барган элди сындап жазган постун жарыялаган. Эл ага нааразычылыгын билдирип, уруша баштаганда бул постту өчүрүп, аны урушкан элге жооп берген видеосун жарыялады. Видеосунун үстүнө уят сөздөр менен сөгүнгөн сөздү жазган.