Окуялар

Батукаевдин иши: Алмазбек Атамбаевди 15 жылга кесүүнү суранып жатышат

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

Сот жактардын жарыш сөздөрүнө өттү.

Буга чейин прокурорлор Алмазбек Атамбаевди сотко алып келүүнү өтүнүшкөн. Бирок Атамбаев табым жок деп сотко катышкандан баш тарткан.

Мамлекеттик айыптоочу  Алмазбек Атамбаевди коррупцияны уюштурганын моюнга алууну жана ага жараша 15 жылга кесүүнү, ошону менен бирге үй-мүлкүн конфискациялоону суранууда.

Андан тышкаары прокурорлор мурдагы мамлекет башчыны мамлекеттик сыйлыктардын баарынан ажыратууну өтүнүшүүдө.

Бул кылмыш иши боюнча 19 киши сурак берип жатат. Алар кримтөбөлгө диагноз койгон врачтар жана лаборант, ГСИНдин өкүлдөрү, ошондой эле чоң-чоң кызаматтарды ээлеп турушкан чиновниктер, анын ичинде мамлекеттин мурдагы башчысы Алмазбек Атамбаев да бар.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button