Ат-Башы РИИБдин кызматкерлери бир катар алдын алуу иш-чараларын жүргүзүштү

Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмү тарабынан бир катар алдын алуу иштер жүргүзүлүүдө.

Алсак,  үй-бүлөлүк зомбулук, окуучулар арасында кылмыштуулукту, эрте никеге туруу, адам сатуу, өзүн-өзү өлтүрүү, жол коопсуздугун алдын алуу максатында милиция кызматкерлери тиешелүү мекеме кызматкерлери менен биргеликте Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан 21 орто мектептин окуучуларына жана ата-энелерине аралыкты сактоо менен жыйналыштар өткөрүлдү.

Андан сырткары, өлкөбүздө болуп жаткан  COVID-19 илдетинин жайылышын  алдын алууда түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле,  жай мезгили жана каникул убагы башталгандыктан жаш өспүрүмдөрдүн сууга түшүү учуру келгендигине байланыштуу жаш жеткинчектердин  сууга чөгүү кырсыктарын алдын  алуу,  коопсуздук эрежелерин жана санитардык-карантиндик эрежелерди сактоо максатында Ат-Башы райондук ӨКМнин кызматкерлери, социалдык өнүгүү башкармалыгын кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтирген тыюу салынган жерлерге, терең көлмөлөргө, агымы күчтүү каналдарга,  эскертүүчү белигилери бар жерлерге атайын эскертүүчү белгилерди орнотуу менен кээ бир жерлердин белгилери өчүп калгандыктан жаңыланып жазылды.

Ат-Башы РИИБү эскертет: Урматтуу Ат-Башы районунун тургундары жана коноктору жайкы каникул убагы болгондугуна байланыштуу балдарыңыздарга көзөмөлдү күчөтүп, кайдыгер карабоого, максатсыз көчөөгө чыкпоо жана жугуштуу оору күч алып жаткандыгына байланыштуу өздүк тазалыкты туура сактап үйдө болууга чакырат.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы