Коом

Боронов: Көпчүлүк «вирус жок» деп жалган маалыматка ишенип жүрүп ушул абал түзүлдү

Өкмөт элдин көпчүлүгү коронавирус илдетине олуттуу мамиле жасабагандыктан абал оорлошуп кетти деп эсептейт. 29-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратып, бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов айтканын билдирди:

«Жакында эле көпчүлүк жарандарыбыз вирус жок деген жалган маалыматка ишенип, эл көп чогулган жерлерге барып жүрүштү. Дал ушул нерсе бүгүнкү биз күрөшүп жаткан абалга алып келди”.

Өкмөт башчы азыр да адистердин сөзүн угуп, өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпай туруу кеч эмес экенин кошумчалады. Бул айрыкча улгайган, кооптуу топтогу адамдарга тийиштүү экенин белгиледи.

Ошону менен катар Боронов эң башкысы дүрбөлөңгө түшпөө керектигин, анткени коркуу сезимин башаламандыкка алып келерин айтып, элди сабырдуулукка жана чыдамкайлыкка чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button