(Видео) Кара-Суудагы сабалды деген аялдын арызы мыйзам чегинде каралып жатат

2020-жылдын 03-июль күнү Кара-Суу районунун айыл аймагынын Дыйкан-Кыштак айылынын тургуну, 1976-жылдын 14-мартында туулган А.С (аял киши) арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын 03-июль күнү саат 14:00 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Дыйкан-Кыштак айылында, баласы 11 жаштагы О.Уну, Ош шаарынын тургуну, 29 жаштагы А.Р, Кара-Суу районунун Жапалак айылынын тургуну, 44 жаштагы А.А., Кара-Суу районунун Ишкаван айылынын тургуну, 23 жаштагы А.Б аттуу жарандар уят сөздөр менен сөгүп денесине жараат келтиргендигин билдирген.

Аталган окуя 2020-жылдын 03-июль күнү Кара-Суу РИИБнун КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык Кодксинин (ЖКнин) 266-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Арызда көрсөтүлгөн жарандар: Ош шаарынын тургуну, 1991-жылы туулган А.Р Кара-Суу районунун Жапалак айылынын тургуну, 1976-жылы туулган А.А, Кара-Суу районунун Ишкаван айылынын тургуну, 1997-жылы туулган А.Б тергөөгө кымсыз болуп, суракка алынган.

Ошондой эле бул окуяга байланыштуу Ош шаарынын Анар кичи районунун тургуну, 1991-жылы туулган А.Р арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын 02-июль күнү саат 12:00 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Дыйкан-Кыштак айылындагы үлүш жерине барган учурда таанышы болгон А.С (аял киши) эч себепсиз уруп денесине жараат келтиргендигин билдирген.

Бул факты 2020-жылдын 03-июль күнү Кара-Суу РИИБнун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБРне) Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө Кодексинин (ЖжКнин) 66-бер. 1-бөл. менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Андан сырткары С.Анын(аял киши) үстүнөн 2020-жылдын 4-июль күнү арыз менен Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Жапалак айылынын жашоочусу, 44 жаштагы А.А арыз менен кайрылган, анда, 2019- жылдын октябрь айларында ага бей тааныш болгон, өзүн “А.С(аял киши)” деп тааныштырган аял, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Дыйкан-Кыштак айылында жайгашкан эки бош турган жер участокту эч кандай кызыл китеби жок ар бирин 25 000 (жыйырма беш миң) АКШ доллардан, баары болуп 50 000 (элүү миң) АКШ долларга баалашып, 2020-жылдын февраль айларында А.А сатып алган эки жер участокко С.А (аял киши) кызыл китеп жасатып беремин деп бир жер участокго 5 000 (беш миң) АКШ доллардан, баары болуп 10 000 (он миң) АКШ доллар накталай акча алып, жер участоктун кызыл китебин бүтүрүп бербей, же болбосо акчасын кайтарып бербей ар кандай шылтоолорду айтып алдап жүргөндүгүн билдирген. Бул арыз боюнча Кара-Суу РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнин 204-ст 1-б.( алдамычылык) фактысы менен катталган.

Ошондой эле Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун жашоочусу, 31 жаштагы А.Р арыз менен кайрылган, анда, 2019-жылдын январь айларында ага бей тааныш болгон, “А.С (аял киши)” аттуу аял өзүн Акматова Айгүл деп тааныштырып, Р.Ага Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагынын Дыйкан-Кыштак айылынан бир жер участокту эч кандай кызыл китеби жок 23 000 (жыйырма үч миң) АКШ долларга баалашып сатып, 2019-жылдын февраль айларында С.А (аял киши) Р.Адан жер участокго деп 13 800 (он үч миң сегиз жүз) АКШ доллар накталай акча алып, андан сырткары Р.А жер участоктун курулуш иштерине деп иштеткен 40 000 (кырк миң) сом акчасын ушул күнгө чейин кайтарып бербей, же болбосо жер участоктун кызыл китебин бүтүрүп бербей ар кандай шылтоолорду айтып алдап жүргөндүгүн билдирген. Бул окуя боюнча топтолгон материал Кара-Суу РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын ЖКнин 204-ст 1-б. ( алдамчылык) фактысы менен катталган.


Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө окуя болгон күнү Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл округунун Жапалак айылынын Жапалак көчөсүнүн тургуну 44 жаштагы А.А жогоруда айтылган сатып алдым деген жер участогуна үй курулуп жатканын көрүп өзүнүн туугандары менен барып, эки тараптын ортосунда ызы-чуу чыккандыгы аныкталган. Ал эми соц. тармакта С.А (аял киши) жактоочусу А. Карабаева “менин жактоомдогу С.Абытованы черныйлар бандиттер уруп сабап кетишти” деп берген көрсөтмөсү чындык катары өз далилин тапкан жок.

Окуя болгон күнү видео тасмага түшкөн атуулдар черный бандиттер эмес эле жогоруда көрсөтүлгөндөй А.Анын жакын туугандары экендиги аныкталды.
Ошондой эле арыз ээси С.А (аял киши) эки жыл мурда да ушундай эле окуя менен 2018-жылы Кыргыз Республикасынын КЖКнин 166-сттатьясы (алдамчылык) менен соттолгондугу белгилүү болгон.


Ал эми С.А (аял киши) сабагандыгы боюнча алган жараатын тактоо боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болгондуктан, сабаганга шектүү деген жарандарга карата юридикалык баа бериле элек. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү чара көрүлөт. Ал эми талашка түшкөн жердин мыйзамдуулугу текшерилүүдө.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.