Коом
Баткенде милиция медицина кызматкерлерин куттукташты (ФОТО)

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов бүгүн Баткен ОИИБнын медицина кызматкерлерин кесиптик майрамдары менен куттуктады.
“Бекем саламаттык ар бир коомдун байлыгы, бүгүнкү кырдаалда биздин медицина кызматкерлери күнү-түнү түйшүктүү жумуштарын аткарууда. Сиздердин бул эмгегиңиздер баалуу” деп жылуу сөздөрүн айтып медицина кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын ИИМнин сыйлыктарын тапшырды.
Баткен ОИИБнын медицина кызматында эмгектенген кызматкерлер медаль, ардак грамоталар менен сыйланышты.



Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы



