Коом

Ошто санэпидкөзөмөл Борборунун башчысынын орунбасары Артыкбай Эралиев каза тапты

Ошто шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана жугуштуу ооруларды алдын алуу Борборунун башчысынын орунбасары Артыкбай Эралиев 62 жашында каза тапты. Анын көз жумганын түштүк борбордун мэриясынын пресс-кызматы бышыктаган.

Артыкбай Эралиев кечээги түнү дүйнө салган.

Жеке булактардын маалыматы боюнча медик коронавирустан каза тапкан, деп билдирет, 24. kg. маалымат агенттиги.

Артыкбай Эралиев мурда Ош областынын башкы санитардык врачы болуп да эмгектенген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button