Коронавирус. Бир суткада Бишкекте жана Ошто эки мектеп директору каза болду

Кыргызстанда бир суткада эки мектеп директору каза болду. Бул маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Бишкектин Көлмө конушундагы №78 гимназия мектебинин директору Элнура Музаева 14-июлга караган түнү ооруканада каза болгонун анын жакындары кабарлашты.
Маалыматка караганда, 12-июлда Музаеванын күйөөсү Уранбек Кубатбеков өпкөсү сезгенип, мурдагы “Ганси” базасындагы стационарда каза болгон.
Музаева ошондон кийин өзү инсульт болуп, шейшембиге караган түнү реанимациядан үзүлгөн. Өпкөсүн рентгенге тарттырганда 80% пневмония экени аныкталган.
54 жаштагы Элнура Музаева орус тили жана адабиятынан сабак берчү. Мурда Бишкектеги №5 гимназияны да жетектеген.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда март айынан бери коронавирустан 149, пневмониядан 497 адам каза болду.
14-июлда Ош шаарынын Киров атындагы орто мектебинин директору, 61 жаштагы Гүлнара Туташева каза болду. Туташеванын өлүмүнө эмне себеп экени азырынча расмий айтыла элек.
7-июнда Нарын шаарындагы Чкалов атындагы №2 орто мектептин директору 67 жаштагы Айчүрөк Самакова COVID-19 инфекциясынан көз жумган эле.



