Кант шаарында 17-июлдан тартып түнкү стационар иштеп баштады(ФОТО)
Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктургандардын саны көбөйө баштагандан тарта ар бир аймактын жетекчилиги элинин саламаттыгы үчүн күнү-түнү стационарларды ачып, дарыканаларды көзөмөлдөп, медициналык кызматкерлерди ишке тартып аракеттерди көрүшүүдө. Айрым аймактарда жергиликтүү тургундар, колунда бар ишкерлер стационарларга керектүү аппараттарды, дары-дармектерди бекер таратып, кайрымдуулук иштерин жүргүзүп атышат.
Кечээ, 17-июлдан тарта Кант шаарында түнкү стационар иштеп баштады. 50 орунга ылайыкталган түнкү стационарда 3 медицина кызматкери иш алып барат. Дем алуусу кыйындаган бейтаптар үчүн 7 кычкылтек концентратору орнотулган. Түнкү стационар кечки сегизден эртең мененки 8 ге чейин бейтаптарды кабыл алат.
Кант шаарында 50 орундуу күндүзгү стационар да бейтаптарды тейлеп келет.