Коом

Кыргыздарды өлүм капканынан алып чыккан ыктыярчы Аскар, кайдасың?..

Бул постту далилдүү медицина боюнча эксперт жана клиникалык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча методолог Бермет Барыктабасова өзүнүн фейсбук баракчасына чыгарган.

Бул пост, иш жүзүндө июль айынын оор күндөрүндө, кыргыздар карайлап турган мезгилде, өз ыктыярлары менен элин сактап калууга бел чечпей катышышкан жүздөгөн кыргыз кыз-жигиттеринин коллективдүү портрети.

«Нью-Йорк Таймска чыккан бул интервьюмду ыктыярчы Аскарга арнаймын.

Мен аны реалдуу турмушта көрө алган жокмун.

Бермет Барыктабасова

Ал жүздөгөн кишилерди ооруканага ташып жеткирди, ар кайсы жакка алып барып атты, дары сатып берип атты, суранып атты, чакырып атты, көтөрүп ташып жүрдү, пульсоксиметрлерди , ингаляторлорду, кислород концентраторлорун, респираторлорду, анти- коагулянттарды таратып  жүрдү. Мен ага кыйкырып аттым, трубкадан… муун-муунга бөлүп…

5 жолу кайталап сурады.

Өзү менен дарылардын тизмесин кошо алып жүрдү, эмнеси менен айырмаланат, эмнени алыш керек… Москвадагы балдар жаңылып калбасын, деп сурап атты.

Мага үнүн көтөрбөгөн, “таарынбаган”, мээңди чакпаган, өзүн пиар кылбаган жападан жалгыз ыктыярчы… Менин ондогон жеке талабымды, бир туруп Бишкекте, Таласта, бир туруп Нарында аткарып жүрдү. Анан, кереги тийбей калган күндөн кийин, дароо жок болуп кетти.

Эч жерде көрүнбөйт.

Рахмат, сага дос.

А интервью АКШга кантип жеткенин билбейм.

Жалгыз эмес, дагы болот дейт!   

Кыргыз элинин болуп көрбөгөндөй бири-бирин колдоосу.

Элдин медиктерге берген өлчөөсүз жардамы.

Мейли, бүт дүйнө жүзү билсин, биздин ыктыярчыларыбызды!

Алар борборду өлүм капканынан алып чыгышты, миңдеген өмүрлөрдү сактап калышты.

Өмүр боюу унутпайбыз!»-деп жазган Бермет Барыктабасова.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button