Кыргызстанда 101 жаштагы бейтап айыгып стационардан чыкты, деп билдирди -3-августтагы брифингде, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова.
«Кечээ өтө кары бейтап айыгып чыкты. Дагы бир сакайган бейтабыбыз – 80 жашта. Медиктердин талыкпаган кайратман эмгегинин натыйжасында, бул бейтаптар оорукандан сакайып чыгышты», — деп айтты ал.
Айнура Акматова кыргызстандыктарга өтүнүч менен кайрылды: оорунун биринчи эле белгилерин баамдаар замат, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна же 118 телефонуна чалып, токтоосуз кайрылгыла, деп.