Коом

Эксперт коронавирус менен кимдер оорубай турганын айтты

Контрактуу-изилдөө компаниясынын башкы директору Николай Крючков адам коронавирус инфекциясы менен оорубай турган үч вариантты айтты. Бул тууралуу “Комсомольская правда” газетасынын сайты кабарлады.

Анын сөзү боюнча, биринчиден – адамда тубаса күчтүү иммунитет болуш керек.

«Анча чоң эмес вирустук “дозада”, андай иммунитет жогорку жакта жайгашкан дем алуу органдарынын деңгээлинде дароо ишке киришет да, инфекциянын андан ары организмге киришине жол бербейт», – деди Крючков.

Экинчиден, эксперттин сөзү боюнча адамда инфекцияга карата мыкты иммундук жооп болушу мүмкүн.

«Мындай жооп, сезондуу коронавирустар менен сыркоолоп айыгышкан адамдарда, жөнөкөй сөз менен айтканда кадимки эле суук тийип ооругандарда болот. Мындай учурда алардын организиминде күчтүү антителалар сакталат, же болбосо мурда сезондуу коронавирустар менен ооругандарда (суук тийгендерде) иммундук эске тутуу Т-клеткалары калат», – деп белгиледи ал.

Ал эми үчүнчүдөн, адистин сөзү боюнча, эгер адам вирус жуктуруп алса дагы, иммундук жооп адекватсыз реакцияларды жасабай, кадимки көнүмүш адатында болсо, анда дагы оорунун андан ары өөрчүшүн токтотот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button