Коом

Коронавирус. 308 адамдан аныкталып, 4 бейтап акка моюн сунду

Өлкө аймагы боюнча өткөн суткада коронавирустан 304 адам сакайды. Ал эми акыркы суткада Кыргызстанда 308 адамдан коронавирус чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматта анын 15и медицина кызматкери экени айтылат.

  • Бишкек — 73;
  • Ош – 19;
  • Чүй облусу – 24;
  • Ош облусу — 32;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 56;
  • Жалал-Абад облусу – 39;
  • Баткен облусу — 42.

Ушуну менен оору жайылгандан тарта 41 377 киши аталган вирусту жуктуруп алганы маалым болду.

Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус инфекциясына кабылган төрт бейтап каза тапты. Бишкек шаарында жана Талас, Ош, Ысык-Көл облустарында бирден бейтап көз жумган. Пандемия башталгандан бери жугуштуу оорудан 1 491 кыргызстандык көз жумду

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button