Шайлоо учурунда добушун саткандарга канча айып пул салынат? БШКнын жообу

Шайлоо учурунда добушун саткан шайлоочуну аныктаса болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүльнара Журабаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.  

Анын айтымында, партияга же талапкерге шайлаганы үчүн акча алган шайлоочуга жоопкерчилик каралган. 

“Бузуулар жөнүндөгү Кодекстин алкагында шайлоочуга 10 эсептөө көрсөткүчү, тактап айтканда 1000 сом өлчөмүндө айып салынат”, – деп белгиледи Журабаева.