Садыр Жапаров Кыргызстан—Палестина футбол командаларынын беттешине катышат

Президент Садыр Жапаров “Үч улуттун кубогу” футболдук мелдешинин алкагында өтө турган Кыргызстан менен Палестинанын беттешине катышат.
Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги уюштурган курама команданын башкы машыктыруучуларынын маалымат жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болду.
Белгилей кетсек, 2-сентябрда Бишкекте футбол боюнча «Үч улуттун кубогу» эл аралык жолдоштук мелдеш өтөт. Ага Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш улуттук курама командалары катышат.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондогу биринчи беттеште кыргыз футболчулары палестиналык атаандаштары менен ойнойт.
Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин беттеште бир катар жаңы оюнчулар ойной турганын айтты.
Президент Садыр Жапаровдун улуттук курама команданы колдоо үчүн беттешке келерине байланыштуу стадиондо коопсуздук чаралары күчөтүлөрү белгиленди.
Оюндар 2-7-сентябрь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.
Эске салсак, Кыргызстан менен Палестинанын курама командаларынын акыркы беттеши мындан эки жыл мурун Бишкекте өтүп, 2:2 эсеби менен аяктаган.



