Билим берүү министрлиги үй шартында окуп жаткан окуучулар тууралуу түшүндүрмө берди

социалдык тармактарга жарыяланган окуучулардын үй шартында билим алып жаткан сүрөтү райондун борборунан 50 чакырым алыс жайгашкан чек ара аймагындагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими тарабынан тартылган.

Окуучулар менен кайтарым байланыш учурунда ата-энелер тарабынан түшүнбөөчүлүк жаралып, алар мугалимге көмөктөшүүнү суранып кайрылышкандыктан, мугалим 2-сентябрда окуучуларды үйүнө чакырып, кайтарым байланыш каражаттарын практика түрүндө көрсөтүп берген. Сабак убагында мугалим окуучуларды социалдык аралыкты сактоо менен отургузуп, ар бирин маска менен гана киргизген. Сабак 15 мүнөткө созулган жана андан бери педагог кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин бул аракетиндеги балдарга билим берүүгө болгон каалоосун, өз кесибин сүйгөндүгүн, окуучуларына кайтарым байланышты түшүндүрүүгө болгон далалатын, окуучулардын билим алууга болгон ынтызаарлыгын, дилгирлигин баалайт.

Бирок бүгүнкү шартта, пандемия мезгилинде өлкө боюнча бирдей талап болуп жаткандыгын мугалимге түшүндүрүп, ага кайтарым байланышты уюштуруу үчүн демөөрчүлөр аркылуу ноутбук алып бере турган болду. 

Кечээ, 8-сентябрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова ошол мугалим менен байланышып, ага усулдук, техникалык, материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүлө тургандыгын айтты.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан даярдалган телесабактар КТРдин “Баластан” жана ЭлТРдин “Илим жана билим” каналдарынан берилип жатат. Бул сабактар oku.edu.gov.kg порталында да жеткиликтүү. Кайтарым байланыш Zoom жана WhatsApp тиркемелери аркылуу уюштурлат.