Коом

Россиянын вакцинасын Кыргызстанга алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Бул тууралу КР президенти Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинин учурунда айтты.

«Коронавирус дагы эле адамзатка коркунуч туудурууда. Россия инфекцияга каршы вакцина иштеп чыккан дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды. Ал клиникалык сыноодон өттү деп кабарлап жатышат», — деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков, «Биринчи радио» радиостанциясына берген интервьюсунун учурунда.

«Биз үчүн, бул вакцинаны өлкөбүзгө алып келгенибиз өтө чоң маанига ээ. Илдет менен күрөшүүн иш-чараларынын алкагында эки мамлекеттин тийиштүү органдарынын ортосунда вакцинаны Кыргызтанга да алып келүү боюна сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп айтты президент.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button