Түнкү кат: жүрөк сыздаткан окуя

Эненин баласына жазган каты

Балдарыңа, неберелериңе угузуп жүр, эстеп жүр, курган апаңды…

Уулум!.. Бүгүн аябай сонун күн болду!.. Рахмат балам, сага, ушул жакшылыкка жеткирдиң мени!.. Сөзүңдү угуп, убадаңды алып, эми ишендим, жолуңду табаарыңа. Көзүм жетти. Эмне үчүн муну жазып атамын?.. Балам, сенин өмүрүң али алдыда, чети да оюла элек. Жашооң эми гана башталып атат. Буюрса, айтып аткан колуктуңа үйлөнөөрсүң, балалуу болоорсуң, аны тарбиялайсың. Анан небере-чөбөрөлүү болосуң… Оу-у, дагы көз жетпеген кылкылдап жаткан жашооң бар сенин, балам. А меники… Менин канча ичээр суум, канча көрөөр күнүм калганын, дагы канча жашаарымды бир жараткандын өзү билет. Жашоонун мыйзамы ушундай экен, балам, улам жыл өткөн сайын, жашың өйдөлөгөн сайын өмүрүң кемип, бөксөрүп кете берет экен. Мен да улгайдым, балам. Не бар, не жок, кокус, көз жуумп кетсем, ушул сага менден эстелик болсун. Катып коюп, анда-санда угуп жүр, балдарыңа, неберелериңе угузуп жүр, эстеп жүр, курган апаңды… “Айта элек жатып эле апам эмнеге жашып кетти?” деп ойлоорсуң, балам. Сөзүмдөн мурда оюм алда кайда кетип, бүт баары эсиме түшө калып атпайбы, анан токтоно албай жашып кеттим…

“Туубас катын” деп жектешип…

Кагылайын, балам, сен атадан да, энеден да жалгызсың!.. Согончогум канабай, зарлап  жүрүп көргөн жалгызымсың!.. Атаң менен баш кошуп, түтүн булатып жашаган жыйырма беш жылдын ичинде элден эмнени гана уккан жокмун, балам. “Туубас катын алыптырсың, кетир, өмүр боюу куу баш өтөсүңбү. Төрөй турган жаш бирөөнү алып ал, эртерээк, эмне катын азбы, сага?!” дешип, ага-туугандары, тели-теңтуштары атаңдын кулак-мээсин жешкенин далай жолу угуп-көрүп, ичимденден гана кан өтүп жүрдү го, балам. Айла издеп, көрүнбөгөн доктурум, барбаган табыбым калган жок. Бирөөнөн да жардам болбоду. Ошол күндөрдү эстесем, азыр да кадимкидей көөнүм бузулуп, көзүмө жаш тегеренип кетет. Ага-туугандары, тели-теңтуштары антип айткан сайын, “Жараткан, сага эмнемден  жаздым эле, ыңаалаган баланын үнүн бир ирээт угузуп койсоң боло!” деп, көзүм тоодой болгуча, жаздыгым сууга илме-чалма чыланып калгыча ыйлап, таң аткыча кирпик какпай Кудайга жалынып-жалбарып чыкчумун. Атаңдын калбаатыгынан, сабырдуулугунан гана үй-бүлөөбүз бузулган жок, балам. Билбейм, балам… атаң мени сүйчү го, байкуш. Болбосо, ошончо жыл соксоюп эки баш жашаганга ким көнсүн, мени кетирип тынмак да. Бир да жолу “Сен төрөбөгөн катынсың” деп көңүлүмдү ооруткан жок. Бир да жолу “Качан балалуу болобуз” деп кейигенин мага көрсөткөн жок. Кайра, эртең менен тоодой шишиген көзүмдү көрүп “Акыры бир күн Кудай берет бизге, көп кыйнабачы жаныңды, эл оозунда элек жок, айта беришет” деп, чачымдан сылап, башымдан жыттап койчу. Ансайын токтоно албай эреркеп, ого бетер өпкө-өпкөмө батпай ыйлап ийчимүн. Атаң байкуш мени унчукпай бооруна кысып олтурап сооротчу. Бейиши болгур, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Жакшы киши эле…

Көзүмдүн жашы жерге тамбай, желге учуп…

Кудайдын ырайымы тийди окшойт, балам, же менин зарлаган үнүм жетти, бир күнү эле кош бойлуу болуп калганымды билдим. Ошондогу сүйүнгөнүм!..  Токтоно албай, кубанычым койнума батпай, жүрөгүм элеп-желеп болуп жетине албай, эл баспаган ээн талаага жылаң аяк бойдон чуркап кетиптирмин!..  Көзүмдүн жашы он талаа болуп, тамчылары жерге тамбай, желге учуп баратканы күнү бүгүнкүдөй эсимде турат. Кубанычтын жашы да, балам! Ошончо жылдан бери жыйылган ызалыктын жашы да, балам! Ошондо кубанычымды кимге айтаарымды билбей, чымын-куюн болуп, дикилдеген бойдон жүгүрүп эле баратам, жүгүрүп эле баратам. Кайда баратканымды өзүм да билбейм. Таманым ташка тилинип, бутума тикенек киргенине да кайыл болуптурмун. 

Кула бээчен кемпир

Бир убакта карасам эле, маңдайымда мени көздөй кула бээ минген байбиче бастырып келатат. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Көзүмө жомоктогудай көрүнүп кетти. Кудай акы, балам, ушул кезге чейин “Ал көргөнүм өңүм беле, же түшүм беле?” деп акылым айран. Балким ал менин кыялымдыр, балам… Кыялымдар, эңсеген элесимдир… Оро-пара келе түшкөндө аптыгып кетип “Арбаңыз, апа!..” деп ийиптирмин. “Бар бол, бар бол, балам”, деди, атынын суулугун тартып. “И-и, балам, жол болсун?” деп, мага жылмая карады. Көзүмдүн жашын сүртүп, демимди басканга да чамам келбей эле “Боюма бүтүп!..” деп ийдим. “Болсун, балам, болсун!” деди байбиче. Анан, “Кой, кокуй, анда минтип чуркаба! Наристеңден ажырап каласың, бөөдө!” деди. Денем муздай түштү, бир паста. “Балам, жети айга чейин катуу сактан: атка минбе, өргө баспа, арыктан аттаба, оор көтөрбө, эгерим кайгырба, катуу кубанба, суукка урунба, ысык мончого түшпө,  моминтип чуркаба” деди мага карап. “Эмне үчүн жети айга чейин?” дедим, байбиченин сөзүнүн маанисине түшүнө албай. “Жети айга чейин ара төрөлсө мал болушу кыйын, жети айдан кийин моюн бербейт, киши болуп кетет” деди, жылмайып. “Ырахмат, апа!.. Ырахмат!..” деп безилдеп ийдим. “Зарыгып күткөн чүрпөң окшойт, ээ?” деди кыраакы байбиче. “Ооба, апа. Жыйырма беш жылдан бери Кудайдан тилеп келаттым эле” деп, ыйлап ийдим. “Кудайым анда үнүңдү уккан экен, балам” деди байбиче. “Менин айткандарымды эсиңе бек түйүп ал. Сактан. Аман-эсен көз жарып ал, Кудай этегиңден жалгасын!” деп батасын берип, бастырып кетти. Дел болуп эле туруп калыптырмын, оозума сөз кирбей. Анан башымды көтөрүп, карасам, алыстап кетиптир, байбиче. Кула бээси экөөнүн карааны үзүлүп, көрүнбөй калганга чейин узата карап турдум. Демимди басып, артыма кылчайсам, айылдын карааны бүлбүл-бүлбүл гана көрүнөт. Ошол байбиченин батасы тийип, жалгаганы келип, тогуз айга чейин сактанып жүрүп, сени көз жардым балам.

 (Уландысы бар).

К.Ж.