Тагдыр. Атам жаңы алган аялынын баласын менден көп жакшы көрөт

Каникулда айылга келдим. Жумуштан чарчап, айылдын таза абасы, таң нуру менен торгойдун сайраганы, уйлардын торпогун калтырып мөөрөп жайытка бараткандагысы жуурулушуп кулакка жагымдуу угулат. Чындап ушул үндөрдү түтүн жытын аябай сагындым.
Кечке маал уйларды тосуп алганы айыл башына жөнөдүм. Кошуна Анаркан апанын небереси Нурсултан да колуна чыбык кармап үй тоскону чыгыптыр.
-Алия эже эшек минесизби,- деп күлдү.
-Кой ай кулап кетип уят болом го,- деп күлүп койдум.
Экөөбүз ээрчишип үй тоскону бара жаттык. Баланын жүзүнөн куса, таарыныч байкалып турат. Нурсултан 6 га чыкканда ата-энеси ажырашып кетишти. Чоң апасынын колунда калды. Биз менен чогуу чоңойгон үчүн бизге жакын. Мени өз эжекесиндей эле көрөт.
-Окууларың жакшыбы? Чейрек кандай болду?,- деп сурадым.
-Орто… -деп жылмайып койду.
Уй келгенче аябай сөзүбүз жарашып, ичинде катылып жаткан көп сырларын айтып берди Нурсултан. Апасын сагынганын, анын азыр эки кызы бар экенин, кээде телефон аркылуу сүйлөшүп турарын бирок ал кыздарды жек көрөрүн да айтты.
-Апам аларды жакшы көргөн үчүн жанында алып жүрөт да, мени калтырып кетти чоң апама. Атам болсо жаңы алган аялы менен келет. Экөөнүн баласы бар. Үйгө келгенде ошол баласын көп жакшы көрөт мага караганда. Мен ошон үчүн кээде түндө ыйлайм. Мен эч кимге керегим жок. Чоң апама мал караш үчүн эле керексиң,- деген кичинекей баланын сөздөрү сай сөөктү сыздатты.
-Нурсулан алар сени жакшы көрүшөт. Болгону сен чооң жигит болдуң. Эми эркелеген уят эмеспи чоң жигитке,- деп көңүлүн алган болдум. Бирок баланын ичи толо таарынычын кантип жазарды билбей турдум.
Эртеси базардан топ, оюнчук тапанча таттууларды алып, кечинде үйүнө барып уйга чогуу баралы деп алып кеттим. Кудуңдап сүйүнүп улам мурдун сүртүп коёт. Эх ата-энелер албетте силер өз жашооңорду тандоого укуктуусуңар, бирок баланын жан дүйнөсүн жанчып жатканыңарды түшүнбөйсүңөр….


