ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Тагдыр. Эжемдин тагдырына кийилгишүүгө акым жок, бирок…

Ушул кезге чейин тумандуу ойлордун арасында адашып, бир канча жылдан бери эжекемдин астында өзүмдү күнөөлүү сезип келдим. Бирок бул оюмду эжемдин кечээги кылыгы бүтүндөй өзгөртүп салды. Сөз башынан болсун.

Биз үйдө эки эркек, эки кызбыз. Эжекем эң улуусу  мен үйдүн кичүүсү. Эжем эрте эле турмушка чыгып, агаларым менен ойноп эркектей чоңойдум. Жездем келсе уялып, тике карай алчу эмесмин. Күндөр өтүп чоңоюп мектепти аяктадым. Байкелерим үйлөнүштү. Эжем менен жездем шаарга көчүп кетишкен. Шаарга окууга тапшырып, эжекемдин үйүндө жашап калдым. Ошол күндөн тартып эжем менен жездемдин жашоосу менин көз алдымда өтүп жатты. Жездем кээде мас келет. Кээде таң атканча эжемди мээсин жеп, ар кандай сөздөрдү айтып уктатпай чыгат. Алгач унчукпадым. Булар жашайт, эки баласы бар, мен башкамын, жездем жек көрүп калат деген ойдо. Айылга барганда апамдар «кандай отурушат» деп сурашса «жакшы» деп коем. Эжекем деле сыр бербейт.

Бир күнү жездем чала мас болуп келип, оозго алгыс сөздөр менен экөө ашканада урушуп жатты. Бир убакта дубалга бир нерсе тарс деп чабылгандай болду. Учуп эле эшикти ачып ашканага бардым. Эжемдин чекесинен кан сызылып агып жатыптыр. Жездем столдун үстүндө турган чыны менен чапканда ал дубалга тийип, сынып кеткен учу чекесин тилип кетиптир. Чыдабадым, кантсе да бир тууганым эмеспи бир курсакта жаткан. Жулкунуп эжекемди көздөй, муштумун түйүп, “жап оозуңду” деп бараткан жездемдин колун кармай калып ичке тептим. Айылда бир аз убакыт 6-класста окуп жүргөндө каратеге барып калган жайым бар. Жездем көздөрүн бакырайта мени жаман карап, “кач жолумдан канчык” деп мени да ургудай болду. Буттан чалып жерге жыктым. Ошол кезде эжекем ордунан атып туруп, “тийбе буга” деп мени кучактай калды. Жездем оозго алгыс сөздөр менен эжекем экөөбүздү ашата сөгүп эшикке чыгып кетти. Ошол күндөн тартып эжем менен жездем ажырашып кетишти. Эжем отуруп баарын айтып берди, көрсө 8 жылдан бери ушундай ур-токмоктун астында жүрөт экен.

Эжекем экөөбүз батирге чыктык. Эки баланы апамдар алышты. Жездем ошол бойдон дайынсыз жүргөн. Кийин уксак башка менен жашап алыптыр. Чамасы алар мурда эле мамиледе болуп жүргөн. Булардын урушу да ошонун артынан болуп жүргөн окшойт. Балдар атасыз калбасын деп эжем байкуш барына чыдаган өңдүү.

Мен окуумду улантып, эжем швеяда иштеп калды. Эжеме аябай боорум ачып жүрдү. Бирок, аялды күйүт өзгөртөт өңдүү. Күн өткөн сайын эжекем өзүнө карап кулпуруп, жашарып баратты. Кээде эжекем менен жездемдин жаңжалына аралашпай эле койбой деп өзүмдү күнөөлөй берем. Балким ортолоруна арачы болбосом, урушуп кайра жарашып жашай берет беле деп ойлоп, ортолоруна башка аял кирген соң жашоосу мурдагыдай болмок эмес деп да ойлоп калам.

Бир күнү эжем түн бир оокумда аябай мас келди. Бир чети боорум ачыды, мейли бир аз кайгысын унутат дедим. Бирок мастыкка алдырып эжекем өзүнөн 6 жаш кичүү бала менен сүйлөшүп жүргөнүн айтты.  Туура мен эжекемдин тагдырына кийилгишүүгө акым жок, бирок кайра жаңылып калабы деп корком, айылдагы эки баланын тагдыры эмне болот? Ошолордун баарын ойлоп кээде турмушка чыкпай эле койсомбу деп калам…

Тектеш кабарлар

Back to top button