Коом
Шайлоо бүтөрүнө аз калганда канча адам добуш бергени айтылды
Саат 18.00гө карата 1 миллион 594 миң 802 кыргызстандык добуш берди. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Аталган цифра жалпы шайлоочулардын 45,26 пайызы өз тандоосун жасаганын түшүндүрөт.
Белгилей кетсек, саат 20.00дө шайлоо участкалары жабылат. Ал эми саат 22.00дө шайлоонун жыйынтыгы жарыяланат.