Окуялар
ВИДЕО: Сот Райымбек Матраимовду үйүнө кое берди
Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын экс-орунбасары Райымбек Матраимовду эки жакка чыкпоого милдеттендирип, кое берди.
Матраимовдун адвокаты Мадина Ниязова, экс-орунбасар тергөө канча чыгымды аныктаса ошону төлөп берүүгө ынтызар деди.
Райымбек Матраимов төргөө менен иштешүүгө келишим түздү. Ал мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берүүгө даяр экенин билдирди. Биринчи транш УКМКнын депозиттик эсебине которулду.
Эсиңерге сала кетсек, Р. Матраимов бүгүн УКМК тарабынан кармалган. Ал фамилиясын Ысмайылов деп өзгөртүп алганы белгилүү болгон.