Шашылыш билдирүү! Аба-ырайы кескин өзгөрүп, жамгырдан карга айланат

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 23-24-октябрь күндөрү өлкөдө жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн экенин айтып, шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл жана Нарындын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 градустан +2 грудус жылуулукка чейин өзгөрүп, түндүгүндө 0…-5 градус суук болот.

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10 градус, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8 градус, күндүз 0…+5 грудус жылуу болот.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5 градус болушу күтүлөт.

Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.