Окуялар

Кыргызстанда кордук көргөн аялдар. Күйөөсүнөн токмоктолуп каза болгон келиндин энеси да көз жумду

Ош шаарында күйөөсүнүн токмогунан каза болгон кош бойлуу келиндин апасы да көз жумду. Бул тууралуу Ош шаардык оорукананын башкы дарыгери Кыялбек Ташболотов билдирди.

«Алган жараатынан улам мурдагы күнү каза болду. Мээсине кан куюлуп кеткен экен», — деди ал.

22-октябрда Ошто 29 жаштагы жети айлык боюнда бар келин күйөөсүнүн токмогунан каза болгон эле. Маркумдун апасы да кылмышка шектүү жарандан катуу токмок жегенин айткан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жубайынын өлүмү үчүн шек саналган эркекти өткөн аптада кармаган. Ал Бишкекке качып кеткен жеринен колго түшкөн..

Кармалган эркек кызганычтан улам аялын сабаганын айткан. Алар жарандык никеде жашашкан.

Факт боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен сотко чейинки териштирүү башталды. Шектүү №5 тергөө изоляторуна эки айга камакка алынган.

Адам укуктарын коргогон адистер Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук күчөгөнүн айтып келатышат.

2020-жылдын январында Нарындын Кочкор районунда 37 жаштагы келин, Баткенде 26 жаштагы келин күйөөлөрүнүн ур-токмогунан көз жумган. Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. Февралда Чүйдүн Сокулук районунда 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып өрттөп жиберген. Мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн.

Апрелде Бишкекте зомбулукка кабылган келин төртүнчү кабаттан боюн таштаган. Июнда Сузакта аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөктү асып, колун артка байлап сабаган эркектин видеосу Интернетке тараган. Сентябрда Ала-Букада күйөөсүнүн келтегинен кутулуу максатында 33 жаштагы келин жанын кыйганы кабарланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button