Азатбек Деркембаев: Калктын коопсуздугу үчүн ар дайым кызматта болуп, элдин алкышына арзуу мен үчүн чоң сыймык!

Кыргыз милициясынын 96 жылдыгына карата

Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматы ички иштер органдарынын жүзү десек жаңылышпайбыз. Алар жарандар менен тыгыз иштешет, көйгөй жаралса биринчилерден болуп жардамын берет. Анткени кылмыш, кырсык болгон жерге эң биринчи болуп милициянын аймактык ыйгарым укуктуу тескөөчүсү келет. Өзү тейлеген аймактын жашоочусунун ар бири жөнүндө, алардын жашоо-тиричилиги, көйгөйлөрү жөнүндө дагы маалымдар.
Учурда милициянын улук лейтенанты Азатбек Деркембаев Нарын РИИБдин Оттук айылындагы Т. Жээналиев атындагы айылдык милиция бөлүмүндө аймактык ыйгарым укуктуу тескөөчүсү болуп кызматын өтөйт. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына 2009-жылдан бери кызматын аркалап келет. Өз ишинин жоопкерчилигин мыкты түшүнүп, калк арасында кадыр-баркка ээ болуп, жакын ишенимдүү досторуна айланган Азатбек милицияда иштөө ал үчүн чоң жоопкерчилик жана сыймык экендигин ар дайым айтып келет.
Азыркы кызмат ордунда үч жылдан бери иштейт.
Өзү Нарын облусунун Нарын шаарында туулган. Төрт бир тууган, үй-бүлөлүү жана беш баланын атасы.
Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу тескөөчүсүнүн алдына кандай тапшырмалар коюлган жана милиция кесибин эмне үчүн тандап алгандыгы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып өттү. “Милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдына эң негизгизи болуп кылмыштарды, укук бузууларды алдын алуу, жарандар менен жакын мамиледе болуу, элдин ишенимин арттыруу тапшырмалары турат. Иштин ийгиликтүү болуусу үчүн адамдар кандай гана оор кырдаал болбосун жардам алуу, укуктук жактан кеңеш алуу үчүн кайрылган учурда мыйзамдын чегинде жардам берип коюу керек. Канчалык эл менен болуп, жакындан мамиле кылсаң милиция кызматкерине жашоочулар тарабынан сый-урмат көрсөтүлүп, аймактык тескөөчү жогорку ишенимге ээ болот. ИИОнун кызматкерлери көп убактысын кызматка арнап, жарандарга түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүгө көбүрөөк басым жасашат эмеспи. Жергиликтүү жашоочулардын ар биринин көйгөйүн билип, айрым адамдарга айткан кеңештериңдин жардамы тийип, ыраазычылыктарын айтып калган учурда милиция кесибин тандап алганыма кубанып, туура жолдо экендигиме сыймыктанып алам”-дейт каарманыбыз. Азатбек үчүн элдин алкышына арзуу, кызматын ак дилден абийирдүүлүк менен аткаруу анын алдыга койгон негизги максаты жана кызматтык милдети экенин кошумчалады.
Милициянын улук лейтенанты Азатбек Деркембаев алдыда келе жаткан 1-ноябрь-Кыргыз милициясынын күнү менен кесиптештерин жана ички иштер органдарынын ардагердерин кесиптик майрамы менен куттуктап, үй-бүлөлөрүнө бейпилдик, иштерине ийгилик жана бекем ден соолуктарды каалап өттү.

ИИМдин Басма сөз кызматы