Без рубрикиСпорт
Монголиядагы мелдеште Кыргыз балбандары 5 медаль жеңди

Кече, 4- июнда Монголияда Open Ulaanbaatar рейтингдик мелдеши башталды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештин биринчи күнүнүн жыйынтыгында Кыргызстандык балбандар 5 медаль жеңишти. Анын бирөө күмүш, төртөө коло медаль.
Күмүш медалдын ээси:Азат Салидинов (87кг чейин).
Коло медалдын ээлери:
Жантөрө Мирзалиев (72кг чейин);
Аманат Самат уулу (72кг чейин);
Бекзат Орункул уулу (77кг чейин);
Имур Темирбеков (82кг чейин).
Белгилей кетсек, мелдештер 7-июнга чейин уланат.



