Өлкө аймагына өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды таратуунун туруктуу каналына бөгөт коюлду-ВИДЕО

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында интернетте баңгизат сатуу дүкөндөрү аркылуу синтетикалык баңгизаттарды таратуу жана сатуу менен алектенген трансулуттук баңги топтун мүчөлөрү кармалды.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 20-майында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ошондой эле жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Telegram» тиркемесиндеги «SUM shop.kg» аттуу интернет-нарко дүкөнгө карата «контролдук сатып алуу» ыкмасы колдонулуп, электрондук капчыкка акча каражатын которуу жолу менен «Alpha PVP» аттуу баңгизат сатып алынган.

Андан аркы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринен ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизаттарды өз жанында алып жүргөн учурда Кыргыз Республикасынын жарандары Ш.Д.Д. (2007-жылы туулган), К.О.В. (2004-жылы туулган) жана С.Е.Е. (2009-жылы туулган) кылмыш үстүнөн кармалышты.

Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн «Alpha PVP» жана «Мефедрон» аттуу синтетикалык баңгизаттар алынды.

Мындан тышкары, Ш.Д.Д.нын жашаган жеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында жашыруун жайларга катылган өзгөчө ири өлчөмдөгү «Alpha PVP» синтетикалык баңгизаты табылып, алынган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизаттарды таратуунун туруктуу каналына бөгөт коюлуп, интернет аркылуу иш алып барган баңгизат сатуу дүкөнүнүн ишмердүүлүгү токтотулду.

Кармалган жарандар тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткан мезгилде Кыргыз Республикасынын УКМКсынын тергөө абагына киргизилди.
Бүгүнкү күндө синтетикалык баңгизаттардын жаңы түрлөрүнүн, ошондой эле аларды таратуу жана сатууну уюштурууда жашыруундуулукту камсыз кылган байланыш каражаттарынын (интернет-мессенджерлер, социалдык тармактар) ыкчам өнүгүп жатканына байланыштуу, белгилүү бир акчалай сый акы үчүн жаштар кеңири тартылууда.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын УКМКсы ата-энелерди балдарына өзгөчө көңүл бурууга, алардын убактысын кандай өткөрүп жатканын жана кимдер менен аралашып жүргөнүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле үзгүлтүксүз түрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, мындай мүнөздөгү кылмыштар үчүн 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилиги каралган. Күнөөлүү деп табылган адамдар 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкү конфискацияланышы мүмкүн.



