Коом

Коронавирус. 400 кишиден аныкталып, дагы 3 бейтап каза тапты

Өткөн суткада коронавирус 400 кишиден аныкталып, 532 бейтап айыкты. Ошол эле учурда дагы үч бейтап каза тапты.  Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 97;
  • Ош – 16;
  • Чүй облусу – 56;
  • Ош облусу – 35;
  • Талас облусу – 19;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 59;
  • Жалал-Абад облусу – 78;
  • Баткен облусу – 37.

Ушуну менен вирус жуктуруп алгандардын саны 64 360 учурга жетти. Анын ичинен 55 306 бейтап дартты жеңген.

Өткөн суткада коронавирустан каза тапкан үч бейтаптын экөө Бишкек шаарынан, бири Ош шаарынын тургуну экени белгилүү болду.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1188 адам коронавирусту жеңе албай өмүр менен кош айтышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button