Окуялар

УКМК: Кызматкерлерден акча алып турган делип Соцфонддун төрагасы кармалды

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев аймактык бөлүмдөрдөн акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

17-ноябрда Социалдык фонддун аппарат жетекчиси Акылбек Байдылдаев аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринен мыйзамсыз түрдө каражат чогулткан деген шек менен кармалган эле.

Буга чейин Коррупцияга каршы кызмат сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ишти карап баштаган. Эми ведомство жетекчиси кармалганы кабарланды.

«Териштирилген сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Социалдык фонддун төрагасынын мыйзамсыз акча талап кылууга катыштыгы бар экендиги жөнүндө төгүндөлгүс маалыматтар алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Чогулган материалдардын негизинде кечээ, 18-ноябрда, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде аталган аткаминердин кармалганы кошумчаланды.

«Социалдык фонддун төрагасы И.М.Э. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп билдиришти алар.

УКМКдан учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button