Окуялар

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылды

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов маалымдады. Анын айтымында, жол кырсыгы 23-ноябрда эртең мененки саат 8:30да Бишкек-Торугарт автожолунун 156-чакырымында болгон. Анда «Тойота Лендкрузер Прадо» маркасындагы кызматтык автоунааны башкарып бара жаткан 24 жаштагы адам рулга ээ боло албай, ала салып кеткен.

Автоунаада кетип бара жаткан жүргүнчү, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Элчибек Жантаев алган жаракаттарынан улам Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген. Элчибек Жантаевдин абалы жакшы, саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Бул окуяны Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү каттоого алып, авто-техникалык экспертиза дайындалды. Жол кырсыгынын себептери аныкталууда.

Элчибек Жантаев өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп 2-ноябрда дайындалган. 47 жаштагы Элчибек Жантаев ушул жылдын июль айынан тартып өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button