Коронавирус. Жуктургандар көбөйүп, дагы 4 адам каза тапты. 147 бейтаптын абалы оор

Өткөн суткада коронавирус 481 кишиден табылып, 433 бейтап ооруну жеңди. Ошол эле учурда  дагы төрт бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, оору илештиргендердин көбү Чүй облусунда катталган. Бишкек шаары экинчи орунда турат.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 124;
  • Ош – 16;
  • Чүй облусу – 176;
  • Ош облусу – 22;
  • Талас облусу – 14;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 35;
  • Жалал-Абад облусу – 67;
  • Баткен облусу – 21.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 70 366 болду. Анын ичинен 61 593 бейтап айыккан.

Акыркы суткада  Бишкек шаарында эки, Таласта бир, Чүйдө бир бейтап коронавирустун айынан каза тапкан. Жалпысынан алганда оору 1 241 адамдын өмүрүн алды.

Азыркы тапта ооруканада 2 948 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 147 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

Ооруканада жаткандардын абалы:

  • 64 — канааттандырарлык абалда;
  • 1937 — орточо оор;
  • 800 — оор;
  • 147 — өтө оор.

Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 829 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатышат.